Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:34

Чымкентте 45 адам белгисиз газга ууланып ооруканага түштү


Казакстандык мектеп окуучулары. (Сүрөттүн окуяга тиешеси жок).
Казакстандык мектеп окуучулары. (Сүрөттүн окуяга тиешеси жок).

Чымкентте 45 адам белгисиз газга ууланып, ооруканага түштү. Алардын кырк бири мектеп окуучулары. Дүйшөмбүдө кечки саат бештер чамасында бир эле маалда 38 окуучу газга ууланып ооруканага түшкөнү белгилүү болду. Андан соң бир нече мугалим да уулануунун белгилери менен ооруканага жаткырылган. Бейтаптардын көбү облустук ооруканадан медициналык жардам алгандан кийин үйүнө чыгып кеткенин билдиришти.

Буга чейин мектепке жакын жайгашкан станциядан газ абага чыгып кеткени айтылып, бирок бул версия ырасталган эмес. Окуядан кийин мектеп убактылуу жабылды. Учурда тиешелүү адистер мектептин ичи-тышындагы абаны текшерип жатышат. Азырынча эч кандай зыяндуу заттар аныктала элек экендиги кабарланды.

Былтыр Казакстанда президент Нурсултан Назарбаевдин жарлыгына ылайык Чымкент республикалык маанидеги шаар макамына ээ болгон.

XS
SM
MD
LG