Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:56

Нурсултан Назарбаев президенттиктен кеткенин жарыялады


Нурсултан Назарбаев.
Нурсултан Назарбаев.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев бийлик ыйгарым укуктарын токтотуп жатканын жарыялады.

19-мартта жергиликтүү убакыт боюнча кечки 7де ал мамлекеттик телеканал аркылуу кайрылуу жасады. Анда Назарбаев өзүнө шайлоодо ишеним көрсөткөн элине алкыш айтты. Ал «Нур Отан» партиясынын лидери жана Коопсуздук кеңешинин төрагасы бойдон кала берерин кошумчалады.

Президенттин милдетин Сенаттын төрагасы Касым-Жомарт Токаев убактылуу аткарып турарын билдирди.

79 жаштагы Нурсултан Назарбаев Казакстанды 1990-жылдын 24-апрелинен бери президент катары жетектеп келаткан.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG