Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:38

Шыкмаматов: Казакстанда саясий кландар арасында тиреш күчөйт


Алмамбет Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов.

Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов «Азаттыкка» ушундай пикирин билдирди. Анын айтымында, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин 19-мартта мамлекет башчылыктан кетүү тууралуу чечимин жарыялаганы - анын көптү көргөн, кыраакы саясатчы экендигин көрсөтүп турат.

«Ал элдин маанайын байкап, алдыдагы кооптуу жагдайлардын баарын эске алуу менен бийликти өз ыктыяры менен өткөрүп берди. Бул Назарбаевдин мамлекетчил инсан катары, бышкан саясатчы катары, көптү көргөн кыраакы адам катары чыгарган саясий чечими абдан туура болду. Эми Казакстанда кландар арасында тиреш күчөйт. Шайлоо өнөктүгү башталганда түрдүү саясий тирешүү болушу турган иш. Ошондуктан саясий мураскер түзүмү иштебей калышы мүмкүн», - деди Шыкмаматов.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев 19-мартта теле аркылуу элге кайрылуу жасап жатып, мамлекет башчылыктан кетүү чечимин кабыл алганын билдирди. Казак мыйзамдары боюнча, парламенттин төрагасы Касым-Жомарт Токаев шайлоого чейин мамлекетти жетектеп турат.

Нурсултан Назарбаев 1990-жылы 24-апрелде эгемен Казакстандын президенти болуп шайланган. 2015-жылы апрелде бешинчи ирет мамлекет башчы болуп шайланган. Борбор Азия өлкөлөрүндөгү Компартиянын биринчи катчылыгынан түз президенттик бийликке өткөн мамлекет башчылардын бири. (ZKo)

XS
SM
MD
LG