Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:15

Сооронбай Жээнбеков: Назарбаев дүйнөлүк деңгээлдеги инсан


Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков бийликтен кеткенин жарыялаган казак лидери Нурсултан Назарбаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымат таратты.

Сооронбай Жээнбеков Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин өлкөсү үчүн жасаган эмгегин айтып, аймактагы интеграциялык процесстин куруучусу, улуттук гана эмес, дүйнөлүк деңгээлдеги инсан экенин белгиледи. Ошондой эле Назарбаевдин эки өлкө ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жана жакшы коңшулаш бир туугандык мамилелерди өнүктүрүүдөгү ролун атады.

19-мартта жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат жетиде Нурсултан Назарбаев мамлекеттик телеканал аркылуу элге кайрылып, бийликтеги ыйгарым укуктарын токтоторун жарыялады. Назарбаев «Нур Отан» партиясынын лидери жана Коопсуздук кеңешинин төрагасы бойдон кала берерин айтты.

79 жаштагы Нурсултан Назарбаев Казакстанда 1990-жылдан бери мамлекеттик бийликтин башында турду.

Баш мыйзамдагы «Улут көсөмү» тууралуу беренеге ылайык, Назарбаев Казакстандын Коопсуздук кеңешин өмүр бою жетектей алат. (TSh)

XS
SM
MD
LG