"Ассошэйтед Пресс" агенттигинин жазганы боюнча, 40 жаштагы киши аткылоого шектүү катары кармалган. Мурдараак шаар мэри бул окуяга шектүү бир нече киши кармалганын билдирген, кийинчерээк көпчүлүгү бошотулган. Полиция ок чыгарган деп айыптаган 37 жаштагы түркиялык Гөкмен Таныш 19-мартта кармалган.
Азырынча трамвайдагы аткылоонун так себептери белгисиз.
18-мартта шаардын борборундагы трамвайда ок атылып, андан үч киши каза таап, беш адам жараат алган.