Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:54

Бишкектеги абанын тазалыгы текшерилет


Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги Бишкектин борбордук көчөлөрүндөгү, жаңы конуштардагы абанын тазалыгын текшерет. Бул иш-чара борбор калаадагы экологиялык кырдаалды жакшыртуу иштеринин алкагында өткөрүлүүдө. Бул тууралуу "Азаттыкка" аталган агенттиктин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Март айынын башында «Move Green»​ экологиялык кыймылы Бишкек шаарындагы абанын абалын текшерип туруу үчүн жети билдиргич (датчик) орнотуп, жаз келсе деле айрым райондордо абал кооптуу экенин билдирген.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өлчөмү боюнча абадагы булганыч заттардын орточо көлөмү 25 мкг кубдун айланасында болууга тийиш. Экологдордун айтуусунда, Бишкектеги айрым райондордо бул көрсөткүч эки же үч эсе жогору.

Расмий маалыматтарга ылайык 2018-жылы абанын булганышына тиешеси бар деген жарандарга жалпысынан 485 миң сом айыппул салынган. Айыппулдун максималдуу көлөмү - 30 миң сом, жеке адамдар мыйзам бузса 2 миң сомдук айыпка жыгылат. Автоунаалардын ээлери миң сом айып тартат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG