Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:50

Крымдын мурунку президенти камакка алынды


Юрий Мешков.
Юрий Мешков.

Симферопол райондук соту Крым республикасынын мурдагы президенти Юрий Мешковду полициянын талаптарына баш ийбегени үчүн эки күнгө камады.

Юрий Мешков 19-мартта Крымдын аннексияланганынын беш жылдыгын белгилөө үчүн Симферополдогу Ленин аянтына келгенде кармалган. Аянтта Орусия президенти Владимир Путин сүйлөмөк. Экс-президенттин сотто айтканы боюнча, полиция кызматкерлери андан паспортун көрсөтүүсүн талап кылышкан. Мешков талапты аткарбай койгондо анын соо экендигин текшерүү үчүн райондук милиция бөлүмүнө алып келишкен. Ал жерде Мешковго полиция кызматкерлеринин талабын аткарбады деп протокол түзүлгөн.

Соттук-медициналык экспертиза Мешковдун мас эмес экенин аныктаган. Ал өзүнүн кармалышын 19-март күнү Крым бийлигин сындаган митинг өткөрүү аракети менен байланыштырууда. Шаар бийлиги Мешковго митинг өткөрүүгө уруксат бербей койгон.

Юрий Мешков 1994-95-жылдары Украинанын карамагындагы Крым республикасынын президенти болуп турган. Кийинчерээк Жогорку рада бул кызматты жоюп салган.

Юрий Мешков президенттик кызматта турган кезинде жана Крым аннексияланганга чейин Орусияга ыктаган саясат жүргүзүп келген. 2011-жылы ал Орусияга депортацияланган. Аннексиядан кийин Мешков Крымдын жаңы орусиялык жетекчиликти сындап, жарым аралдын Орусияга кошулуусу боюнча референдум туура эмес өткөрүлдү деп айтып келет.

Москванын Крымды каратып алганына туура беш жыл болду. Украина менен Батыш өлкөлөрү бул жарым аралдын аннексиясын "баскынчылык" катары мүнөздөсө, Москва крымдыктар "өз ыктыяры менен" тарыхый мекенине кайтканын билдирип келет.

XS
SM
MD
LG