Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:16

Төрөбаев: Жогорку соттун төрайымы депутаттардын оозун жапканга аракет кылууда


Бакыт Төрөбаев.
Бакыт Төрөбаев.

Жогорку Кеңештеги «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев Жогорку соттун төрайымы парламенттин депутатына каршы Улуттук коопсуздук комитетке (УКМК) кайрылышын сындап, парламентти ага баа берүүгө чакырды.

«Жогорку соттун төрайымы депутаттардын оозун жапканга аракет жасап атат. Биздин кесиптеш эл менен жолугушууда соттун чечими жөнүндө өз пикирин айтса «аны туура эмес» деп, УКМКга кайрылды. Эгерде ошол соттор мыйзамсыз соттолгон Өмүрбек Текебаевди актап берсе анда биз унчукпайт элек. Конституциянын 72-беренесинде «депутаттардын пикирине эч ким баа бере албайт жана куугунттукка алынбайт» деп жазылган. Ошондуктан парламент буга баа бериши керек», - деди Төрөбаев Жогорку Кеңештин 20-марттагы жалпы жыйынында.

Парламент депутаты Рыскелди Момбеков 5-мартта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке чакырылган. «Азаттыкка» комментарий берип ал атайын кызматка Бишкектеги ТЭЦ-2 конушунун тургундары менен жолугушууда сүйлөгөнүнө байланыштуу чакырылганын билдирген. Эл өкүлү муну саясий ишмердүүлүгү менен байланыштырып, кийинки убакта парламентте сүйлөгөн сөздөрү кимдир-бирөөгө жакпай калышы мүмкүн экенин айткан.

Жогорку сот «Азаттыкка» жиберген катында «Момбековдун «жер тилкелеринин мыйзамсыз берилгенин таануу тууралуу сот чечими ката, соттор мындай аракеттери менен карапайым элдин канын ичип жатат» дегени жазылган видеотасма жарыяланды. Жогорку соттун төрайымы бул тасма коомчулукта сот системасы жана мамлекет тууралуу терс пикир жаратат деп эсептейт. Депутат Момбеков андай чечимди качан, кайсы сот чыгарганы тууралуу да айткан эмес» деп билдирген. (BTo)

XS
SM
MD
LG