Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:27

Жогорку сот Момбековго кастарын тикти


Рыскелди Момбеков.
Рыскелди Момбеков.

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков ал тууралуу Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева УКМКга даттанганын билдирди.

Ал арыз-доомат Бишкектеги ТЭЦ-2 конушунун тургундары менен жолугушууда сүйлөгөн сөзүнө байланыштуу экенин айтты. Буга чейин УКМК «депутат суракка эмес, төрага менен кызматтык жолугушууга чакырылды» деп маалымдаган. Жогорку соттун төрайымы болсо «Момбековдун сот тууралуу айткандары жалпы коомчулукта сот системасы тууралуу терс пикир жаратат» деп билдирди.

Рыскелди Момбеков парламенттеги эң жигердүү депутаттардын катарына кирет жана өкмөттү, күч түзүмдөрүн, сот системасын кескин сындап келгени менен белгилүү.

Жогорку Кеңештин депутаттары Рыскелди Момбеков менен Жанарбек Акаев өткөн айда Бишкектеги ТЭЦ-2 конушунун тургундары менен жолугушкан. Анда жергиликтүү тургундар жерге байланыштуу көйгөйлөрүн айтышкан. Момбеков сот чечимдерин айыптап сүйлөгөн жана бул маселени Жогорку Кеңеште көтөрүүгө убада берген.

- Мен соттордун чечимине таң калып жатам, - деген ал. - Эгер Кыргызстанда кийин же эртең, жакын арада чоң толкундоо чыга турган болсо бийлик менен оппозициянын келишпестигинен эмес, карапайым эл менен соттордун алакасынан чыгат. Убагында ушунча адамга уруксат берип, силер жерди сатып алып там салдыңар. Анан силердин каражатыңарды карабай туруп эле «бул тамдардын баары мыйзамсыз салынган, бузулушу керек» деген өкүмдөрдү чыгарып жатышпайбы. Силерге башка жактан жер береби, каражат береби деп, ал жагын карабай эле «бул жер мыйзамсыз берилген» деп токтом чыгарып коюп жатышат. Соттордун өз элине карата катаал өкүмдөрү карапайым элдин канын ичип жатат.

​Кийинчерээк Рыскелди Момбековдун сүйлөгөн сөзү Интернетке жайгаштырылган. УКМК болсо депутатты 5-мартта чакырганын билдирди.

- Мен комитеттин жыйынында отурсам жардамчым «УКМКнын Тергөө башкармалыгынын башчысынын орун басары Сагынбек Самудин уулу аябай издеп жатат» деп калды, - деп түшүндүрдү Рыскелди Момбеков. - Мен телефон менен сүйлөшсөм ал жигит «Жогорку соттун төрайымы ТЭЦ-2 конушунда сүйлөгөн сөзүңүздөгү чакырыктар боюнча сизге каршы арызданды» деп тастыктап берди. Мен болсо «ал жерде чакырык же чагым болушу мүмкүн эмес» деп айттым. «Мен «мүмкүн» деп божомол ирээтинде айткам. Эгер ошол жерде айткандарым туура эмес болсо анда мени сотко берсин, мен өзүмдүн сөзүм үчүн соттор менен соттошконго даярмын» дедим. Ал мени УКМКга келишимди суранды. Аңгыча эле УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркулов чалып калды. Ага барып ушул жана башка иштер боюнча да сүйлөшкөнүм чын. Мага эмнегедир Жогорку соттун төрайымынын жазганын көрсөтүшкөн жок.

Рыскелди Момбеков УКМКга чакырылган себебин кимдир-бирөөлөргө депутаттык ишмердиги, кайсы бир маселелер боюнча сүйлөгөн сөздөрү жакпай жатканынан көргөнүн айтты:

- Бийликти басып ала турган, бийликке күч колдоно турган же бийликти тартып ала тургандай чакырык, чагым сөздөр жок. Экинчиден, депутаттык макам тууралуу мыйзамда «депутат өзүнүн сын-пикири үчүн куугунтукталбайт» деп жазылган. «Соттун ар-намысына, кадыр-баркына шек келтирип, сот бийлигин жалпы кыргыз элине жаманатты кылды» десе мен соттошом. Бул жерде саясат бар экенин сезип турам. Анткени мен акыркы кезде аткаруу бийлигине айткан негиздүү, жүйөлүү сын-пикирим ушуга себеп болсо керек. Мени коркутуп, ноктолоп коебуз деген ойлору болсо керек. Мен алардан коркпойм. Соттор адамдын тагдырын, мыйзамды сындырышы мүмкүн, бирок мени сындыра алышпайт. Дегеле Жогорку соттун төрайымынын жазганы туура эмес. Бул эч кандай этикага, мыйзамга, логикага да туура келбейт. Жогорку соттун ар-намысын төрайым коргобойт.

Жогорку сот.
Жогорку сот.

Жогорку соттун басма сөз кызматы Рыскелди Момбеков боюнча төрайым Гүлбара Калиева УКМКга арызданганын «Азаттыкка» ырастады. Анда «депутаттын сүйлөгөн сөзү тартылган, Интернетке жайгаштырылган видео тасма коомчулукта сот системасы, дегеле мамлекет тууралуу терс пикир жаралышына өбөлгө түзөт. Депутат ал чечимди кайсы сот качан чыгарганын айткан эмес. Депутаттын этикасы тууралуу кодекске ылайык, депутат туура, так, фактыга негизделген маалымат бериши керек» деп жазылган.

Атайын кызмат болсо Рыскелди Момбеков УКМКнын төрагасы менен кызматтык жолугушууга гана келгенин маалымдаган.

ТЭЦ-2 конушундагы жолугушууга барган парламент депутаты Жанарбек Акаев Рыскелди Момбековдун УКМКга чакырылышын «моралдык кысым» деп сыпаттады:

Жанарбек Акаев.
Жанарбек Акаев.

- Сотторду азыр кыргыз элинин баары сындайт. Президент баш болуп соттун ишине канааттанбай турганын билдирген. Эгер Жогорку соттун төрайымы ошол сөзгө теригип арыз жазса, анда ал таптакыр башка дүйнөдө жашап жатканын, реалдуулуктан өтө эле алыс экенин билдирет. Момбековду УКМКга чакырып, кызматтык жолугушуубу же кандай жолугушуу болбосун сүйлөшүү өткөргөнүнүн өзү моралдык жактан кысым деп ойлойм. «Мындан ары оор темаларды көтөрбө, сотторду сындаба, адилеттүү сөзүңдү айтпа» дегендей белги деп түшүнөм. Депутатка болгон кысым - өтө жаман көрүнүш, түбү жакшылыкка алып барбайт. Тарыхта депутатты кызматтык жолугушуунун шылтоосу менен чакырып, «этият болуңуз» деп айтканы болгон эмес жана өтө чоң катачылык деп ойлойм.

Жогорку Кеңештеги «Республика – Ата Журт» фракциясынын депутаты Мирлан Жээнчороевдин пикиринде, бул жагдайда юридикалык жактан суроолор көп.

- Эгер бирөөнүн атына арыз келсе, анда иш козголушу керек, - деди ал. - Жаңы кодекске ылайык, сотко чейинки аракеттер жүргүзүлөт. Ал каттоодон өтүшү керек. Эгер ал адам депутат болсо Башкы прокуратура иш козгойт. Оор кылмыш болсо Жогорку Кеңештин макулдугун алат. Экинчиден, депутаттын сүйлөгөн сөзүндө сын-пикир, саясий баа болгон. Депутат өзүнүн саясий пикири үчүн жоопко тартылбайт. Сот боюнча сын-пикир Коопсуздук кеңешинде айтылып жатат, бардык жерде эле айтылып жатат. УКМК депутатты чакырганда ал кандай макамда барды - ошонун баары процессуалдык жактан так белгилениши керек.

Турсунбек Акун: Момбековдун УКМКга чакырылышы туура эмес (аудио)

Турсунбек Акун: Момбековдун УКМКга чакырылышы туура эмес
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:04 0:00
Түз линк

Президент Сооронбай Жээнбеков 5-мартта сот системасынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, көз каранды эмес жана өз алдынча сот системасын орнотпой туруп демократиялуу, өнүккөн мамлекет куруу мүмкүн эмес экенин айткан. Ал сотторду «кара кылды как жарган калыс» болууга чакырган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG