Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:34

“Электр станциялары” ишканасынын директору каза болду


Аскар Эшимбеков
Аскар Эшимбеков

“Электр станциялары” ишканасынын директору Аскар Эшимбеков каза болду. Бул маалыматты аталган ишкананын кызматкерлери ырасташты. Маалыматка ылайык, 57 жаштагы Эшимбеков бүгүн эртең менен оорудан улам каза болгон.

Аскар Эшимбеков былтыр май айынан бери “Электр станциялары” ишканасын жетектеп келген. Ага чейин “Түндүк электр” ишканасынын жетекчиси, Жогорку Кеңеште жана башка энергетикалык мекемелерде иштеп келген. (BkA)

XS
SM
MD
LG