Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:19

Австралиянын премьер-министри президент Эрдогандын сөзүн айыптады

Австралиянын премьер-министри Скотт Моррисон, 20-март, 2019-жыл.
Австралиянын премьер-министри Скотт Моррисон, 20-март, 2019-жыл.

Австралиянын премьер-министри Скотт Моррисон Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын Жаңы Зеландиядагы мечитте болгон кыргындан кийинки айткан сөзүн айыптап, расмий Канберра Анкара менен алакасынын “бардык шарттарын” карап чыгышы мүмкүн экенин эскертти.

Мурдарак Эрдоган мусулмандарга каршы австралиялыктардын “табыты” Галлиполидеги кармашта өлгөн бабаларыныкындай мекенине жиберилерин эскерткен. Биринчи дүйнөлүк согуш маалында Галлиполи жарым аралында түрктөргө каршы кармашта сегиз минден ашуун австралиялык жана жаңы зеландиялыктар курман болгон.

Бул эки өлкөнүн жарандары жыл сайын Галлиполиге ата-бабаларын эскерүүгө барышат.

20-мартта Моррисон Эрдогандын жогорудагы сөзү курман болгондордун элесине шек келтирип, “австралиялыктардын ар-намысын тепсейт жана учурдагы кырдаалда акылга сыйбайт” деп баалады.

Полиция 15-мартта Жаңы Зеландиянын Крайстчерч шаарындагы «Аль-Нур» жана «Линвуд» мечиттеринде кыргын салып, адамдарга туш келди ок жаадырган кишини 28 жаштагы австралиялык Брентон Таррант деп атаган.

XS
SM
MD
LG