Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эксперттеринен турган комитет адамдын генин өзгөртүүгө байланыштуу иликтөөлөрдүн бирдиктүү реестрин түзүүнү сунуштады. Бул тууралуу Женевада өткөн жыйында сөз болду. Комитет ошондой эле адамдын генин изилдеген бардык адистердин тажрыйбаларынын илимий этикага шайкеш келишин көзөмөлдөө үчүн аларды ачык кызматташууга чакырды. Учурда өз алдынча илимий эксперименттерди жүргүзүп жаткан окумуштуулардын иштери «жоопкерчиликсиз кадам» деп бааланды.
Комитеттин негизделишине Кытай окумуштуусу Хэ Цзянькуйдун былтыр ноябрда адамдын эмбриондорунун гендерин тарыхта биринчи жолу өзгөрткөнүн жарыялаганы түрткү болгон. Ал эгиз кыздардын гендерин ВИЧ илдетинен коргоно алгыдай кылып "өзгөртүп" койгон. Көптөгөн окумуштуулар мындай ачылыштын этикалык тарабы эске алынбаганын айтып, сынга алышты.
Өткөн аптада жети мамлекеттин окумуштуулары адамдын урук клеткаларына жана эмбриондоруна өзгөртүү киргизүүгө тыюу салган глобалдык мораторий киргизүүгө үндөштү.