Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:40

Алжирде элдик толкундоолор уланып жатат


Алжирдин президенти Абдел Азиз Бутефлика, 9-апрель, 2018-жыл.
Алжирдин президенти Абдел Азиз Бутефлика, 9-апрель, 2018-жыл.

Шейшембиде Алжирде миңдеген студенттер, мугалимдер жана дарыгерлер президент Абдел Азиз Бутефликанын жана өкмөттүн токтоосуз бийликтен кетишин талап кылып демонстрацияга чыгышты.

Нааразылыкка катышкандар армияны жаңжалга кийлигишпөөгө чакырышты. 20 жылдан бери бийликте турган Бутефлика элдик толкундоолордон кийин бешинчи мөөнөткө барбоого макул болгон, бирок демонстранттар аны "жетишсиз" деп эсептешет.

82 жаштагы Бутефлика президенттик кызматын жаңы Конституция кабыл алынып, шайлоо өткөрүлгөн соң өткөрүп берерин билдирген. Ал жакында эле вице-премьерликке Рамтан Ламамруну дайындады. Ламамру союздаштарынын колдоосуна ээ болуу үчүн эл аралык турнеге чыгып, адегенде эле Москвага барды.

XS
SM
MD
LG