Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:18

Көкбөрү: “Достук” менен “Ынтымак” ойнойт


Көкбөрү. Иллюстрациялык сүрөт.
Көкбөрү. Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн Бишкекте өтүп жаткан “Нооруз-2019” республикалык көкбөрү турниринин финалдык оюндары өтөт. Оюндар “Ак-кула” ат майданында болуп, көкбөрү оюнунан тышкары улуттук ат оюндар спортунун түрлөрү боюнча жыйынтыктар чыгат.

Бүгүн көкбөрү оюну боюнча эки финалдык оюн өтөт. Алгач, биринчи лигада финалга чыкка “Алкан-Ата” жана “Келечек” командалары ойношот. Бул беттеш саат 10:00дө башталат.

Ошондой эле жогорку лигадагы командалар арасындагы финалдык оюн, Талас облусунун “Ынтымак” жана Оштун “Достук” командасы ортосунда өтөт. Бул оюн түшкү саат 13:00дө башталат.

“Ынтымак” командасы акыркы эки жылдан бери Нооруз турнирин жеңип келет. (SDz)

XS
SM
MD
LG