Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:28

Пакистанда профессорду өлтүрдү деген шек менен студент кармалды


Пакистан. Иллюстрациялык сүрөт.
Пакистан. Иллюстрациялык сүрөт.

Студент Хатиб Хусейнди 20-март күнү курсташтары кармап, полицияга өткөрүп беришкен. Ал профессорду эркектер менен чогуу кыздар да чакырылган кече уюштуруу ниети үчүн бычактаган деп шектелүүдө. Окуя өлкө чыгышындагы Бахавалпур шаарында болгон.

Жергиликтүү полициянын маалыматы боюнча, Садик Эгертон коллежинин профессору Халид Хамид студенттер үчүн коштошуу кечесин уюштуруп, ага эркектер менен кошо кыздарды да чакырган. Хатиб Хусейн аны кечеде бычактап салган.

Полициянын өкүлү Фархан Хуссейин студент кандайдыр бир диний топко кирбегенин билдирди. Полициянын отчетунда айыпталуучу "кечеге эркектер менен кошо кыздарды да чакыруу исламдын талаптарына каршы келерин белгилеп, профессорго эскертүү жасаганы" айтылган.

Профессор Хамид алган жараатынан ооруканада көз жумган.

XS
SM
MD
LG