«Коопсуз шаар» долбоору жакын арада Ош шаарында жана өлкөнүн башка шаарларында да ишке киргизилет. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын базасындагы «Бирдиктүү терезе» борборун кыдырып жүргөндө билдирди.
«Бишкек шаарынын жолдорунда жол кыймылынын эрежелерин бузууну аныктоочу аппараттык-программалык комплекстердин орнотулушу жол кырсыктарынын санын кыскартты», – деди Абылгазиев.
12-февралдан тарта Бишкекте «Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи фазасы иштей баштады. Анын алкагында Бишкектеги 10 кесилишке камера орнотулуп, 17 стационардык, 20 көчмө программалык аппарат комплекстери коюлду.
12-марттан тартып ишке ашат деп пландалган «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи фазасы эки жума кечигип башталаары белгилүү болгон. Ага курулуш-монтаждоо жумуштарынын техникалык долбоорлорун макулдашуу кечеңдегени себеп болду. (BTo)