Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:18

Суракматов: Нооруз - жаңы демдин, жакшылыктын белгиси


Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов.
Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов.

Бишкектин Ала-Тоо аянтында өтүп жаткан Нооруз майрамын калаа башчысы Азиз Суракматов ачып, кыргызстандыктарды майрамы менен куттуктады.

«Нооруз - жаңы демдин, жакшылыктын белгиси. Алдыда чоң максаттар, шаардыктар ишке ашырчу көп пландар бар. Шаарды өнүктүрүү боюнча багыт алып жатабыз. Ал ишке ашып кетсин», - деди Суракматов.

Нооруз майрамынын негизги бөлүгү борбордук Ала-Тоо аянтында белгиленип жатат.

Аянтта кол өнөрчүлөрдүн улуттук баш кийими - элечектин сүрөт көргөзмөсү уюштурулган. Андан тышкары чыгыш элдерине тиешелүү кол өнөрчүлүк буюмдардын көргөзмөсү болот.

Андан тышкар «Ак-кула» ат майданында көкбөрү жана улуттук ат оюндары өтөт. (BTo)

 

XS
SM
MD
LG