Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:45

Түштүк Кореяда белгилүү ырчы жыныстык жаңжалга кабылды


"Big Bang" тобунун Сынни деген сахнадагы ысым менен белгилүү ырчысы Ли Сын Хё, 14-март, 2019-жыл.
"Big Bang" тобунун Сынни деген сахнадагы ысым менен белгилүү ырчысы Ли Сын Хё, 14-март, 2019-жыл.

Түштүк Кореядагы популярдуу музыканын же "K-pop'тун" таанымал өкүлдөрү жыныстык жаңжалдын чордонунда калышты. 21-мартта белгилүү ырчы Чон Чжун Ён Сеул сотунда өткөн жараянга катышып, “кечиримсиз кылмышка аралашканына өкүнөрүн” айтып, баарынан кечирим сурады.

Тергөөнүн версиясына ылайык, Чон Чжун Ён атактуу ырчы, актриса кыздар менен жакын мамиледе болуп, алардын уруксатысыз купуя маанидеги видеолорду тартып, досторунун чаттарына жиберип жүргөн. 30 жаштагы Чон Чжун Ён шоу-бизнес дүйнөсүнөн кетерин билдирди.

"Big Bang" тобунун Сынни деген сахнадагы ысым менен белгилүү ырчысы Ли Сын Хё да ортомчулукка, маңзат колдонууга шектелип, кылмыш иши козголгон. Анын бул иштерин полициянын жогорку өкүлдөрү да жаап-жашырып жүрүшкөнү белгилүү болгон соң өлкө президенти Мун Чже Ин билдирүү жасап, күнөөлүүлөрдү жазалоону талап кылды. Бул чуулуу окуялар жылдан-жылга дүйнөдө популярдуу болуп бараткан “Халлю” деп аталган кореялык поп-музыканын беделине сокку урганы айтылууда.

XS
SM
MD
LG