Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:57

Сеул Түндүк Кореяга ыр менен жооп берет


Түштүк Корея бул аппарат аркылуу негизинен корей ырчыларынын жеңил-желпи, тажатма ырларын тынбай жаңыртып турат.
Түштүк Корея бул аппарат аркылуу негизинен корей ырчыларынын жеңил-желпи, тажатма ырларын тынбай жаңыртып турат.

Түштүк Корея Түндүк Корея менен чектеш аймакта үн күчөткүчтөр аркылуу пропагандалык берүүлөрдү жайылтууну жандантты.

Түштүк Корея бийликтери мындай чечим Пхеньяндын суутек бомбасын ийгиликтүү сыноодон өткөргөнү тууралуу билдирүүсүнө жооп катары кабыл алынганын маалымдады.

Түштүк Корея бул аппарат аркылуу негизинен корей ырчыларынын жеңил-желпи, тажатма ырларын тынбай жаңыртып турат. Чыгармалардa олуттyy маани камтылбаганы менен, мазмунунда негизинен Сеулдагы жакшы жашоону баяндайт. Музыка адистеринин айтуусунда, ырлардын тизмеси чек арадагы офицер, аскерлердин жана жай тургундардын мээсине сиңчүдөй тыкыр тандалган. Үн күчөткүчтөн жаңырган музыка 20 чакырым алыстыкка чейин угулат.

Эки өлкө чек арасында жайгашкан шаарлардын биринин тургуну Түштүк Кореянын жараны Чон Хэ Гюн бийликтин бул кадамын толугу менен колдорун айтууда:

- Бул таң каларлык деле эмес. Биз бардык эрежелерди бузуп, өзөктүк сыноолорду өткөрүп жаткан коңшубуздун аракеттерине баш ийип бере албайбыз. Туурабы? Биз буга каршы чараларды көрүшүбүз керек.

Сеулдун бул кадамынан төрт саат өтпөй, Түндүк Корея да өз чек арасына ушундай эле үн күчөткүчтөрдү орноткону кабарланды.

Өткөн жылдын август айынан Түштүк Корея 11 жылдык тыныгуудан кийин дал ушундай ыкманы колдоно баштаган. Мындан улам эки өлкө ортосунда куралдуу согуш жанданып кете жаздаган. Үн күчөткүчтөр коюлгандан эки күндөн кийин Сеул менен Пхеньян ортосундагы жогорку деңгээлдеги эки тараптуу сүйлөшүүлөр өтүп, Түштүк Корея үн күчөткүчтөрдү алууга аргасыз болгон.

Чек арадагы аймакта жашаган 71 жаштагы Ким Со Жин коопсуздуктан улам ар дайым коркуу сезимдеринин кучагында жашап келгенин айтты:

- Түндүк Корея аткылабаса экен деп такай кооптонуп турам. Биздин армия жергиликтүү тургундарды чек арага жакын барбоого чакырып, кокус бир нерсе болсо мэриянын жанындагы жөр төлөгө жашырынууну эскертти, – деди Түштүк кореялык жаран.

Бул ирет Түштүк Кореянын чек арада коюлган үн күчөткүчтөрү Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын туулган күнү - 8-январда иштей баштады. Бийликти атасынан мурастап калган Ын бүгүн 34 жашка толот.

Эки күн мурда Түндүк Корея тарыхтагы алгачкы суутек бомбасын ийгиликтүү сыноодон өткөргөнүн жарыялаган. Бул маалымат дүйнө коомчулугун чочутуп, өзгөчө коңшу Жапония менен Түштүк Кореянын кооптонуусун жаратты. Ошол эле күнү чукул жыйынга чогулган Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши, АКШ, Түштүк Корея жана Жапония Пхеньяндын бул кадамын кескин айыптап, ага каршы санкциялардын жаңы айлампасын киргизүүнү талкуулашты. Ошондой эле АКШ, Жапония жана Түштүк Корея Түндүк Кореянын бул кадамына жооп катары тиешелүү чараларды кабыл аларын билдиришти.

Эки күн мурда Түндүк Корея тарыхтагы алгачкы суутек бомбасын ийгиликтүү сыноодон өткөргөнүн жарыялаган.
Эки күн мурда Түндүк Корея тарыхтагы алгачкы суутек бомбасын ийгиликтүү сыноодон өткөргөнүн жарыялаган.

Ал эми Түштүк Кореянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Ким Мин Сок бүгүн жасаган билдирүүсүндө:

- Биздин өлкөнүн коопсуздук күчтөрү аскерий күжүрмөн даярдыкка келип, Түндүк Кореянын аракеттерин кылдат көзөмөлгө алды. Эгер Пхеньян тараптан кандайдыр бир чагым болсо, биз аларды жазалоого даярбыз,- деп билдирди

Пхеньяндын суутек бомбасы тууралуу маалыматынан эки саат мурда АКШнын геологиялык агенттиги Түндүк Кореянын аймагында күчү 5,1 баллдык жер силкинүү катталганын жарыялаган. Өзөктук жардыруулар боюнча иликтөө жүргүзгөн окумуштуулардын айтуусунда, Пхеньяндын бул жарыясы шек жаратууда, себеби 5 баллдык жер титирөө суутек бомбасы үчүн аздык кылат. Илимпоздордун пикиринде, Пхеньян бул жолу да адаттагыдай эле өзөктүк бомбаны сыноодон өткөрүшү ыктымал. Алгачкы жолу Түндүк Корея 2006-жылы өзөктүк бомбаны сынап көргөн. Анда Улуттар Уюму Пхеньянга каршы санкцияларды киргизген. 2009, 2013-жылдары Түндүк Корея дагы эки жолу ушундай эле сыноолорду өткөргөндө БУУ буга чейин киргизилген санкцияларды дагы катаалданткан эле.

Бийликти атасынан мурастап калган Ын бүгүн 34 жашка толот.
Бийликти атасынан мурастап калган Ын бүгүн 34 жашка толот.

XS
SM
MD
LG