Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:13

Пхеньяндын суутек бомбасын сыноосу дүйнөнү чочутту


Кореянын Метеорологиялык кызматынын адиси жер титирөө болгон аймакты көрсөтүүдө. Сеул, 6-январь, 2016
Кореянын Метеорологиялык кызматынын адиси жер титирөө болгон аймакты көрсөтүүдө. Сеул, 6-январь, 2016

Түндүк Корея биринчи суутек бомбасын сыноодон өткөргөнүн жарыялаган соң 6-январда БУУнун Коопсуздук Кеңеши, Түштүк Корея жана Жапония өкүлдөрү шашылыш жыйынга чогулушууда.

“Бүгүн, 6-январда, эртең менен саат 10.00до биринчи суутек бомбасы ийгиликтүү сыноодон өткөрүлдү”, - деп Пхеньяндагы мамлекеттик каналдын алып баруучусу жарыялардан бир нече саат мурда АКШнын Геологиялык кызматы Түндүк Кореянын аймагында күчү 5,1 баллдык жер титирөө катталганын билдирген.

Пхеньяндын бул билдирүүсүнөн кийин Түштүк Кореянын Улуттук коопсуздук кеңеши чукул жыйынга чогулду. Жыйында президент Пак Кын Хе эгер маалымат ырасталса, тиешелүү чараларды кабыл алууга чакырды:

- Түндүк Корея жарыялаган бул маалымат кошумча анализдерди, далилдерди талап кылат. Эгер ырасталса, Пхеньян ушуну менен төртүнчү жолу өзөктүк сыноо өткөргөн болот. Бул Түндүк Чыгыш Азиядагы коопсуздук балансын, Түндүк Кореянын өзөктүк программасына байланыштуу кырдаалды түп-тамырынан бери өзгөртөт, - деген президент Хенин сөздөрүнө расмий Токио да кошулуп, эгер сыноо өткөнү далилденсе, Жапония Түштүк Корея менен бирдикте Пхеньянды жазалоого чогуу чара көрөрүн билдирди. Жапониянын премьер-министри Синдзо Абе Пхеньяндын бул кадамын кескин сынга алып, анын өлкөсүнө жасалган коркунуч деп атады.

Пхеньяндын бул билдирүүсүнөн кийин Түштүк Кореянын Улуттук коопсуздук кеңеши чукул жыйынга чогулду.
Пхеньяндын бул билдирүүсүнөн кийин Түштүк Кореянын Улуттук коопсуздук кеңеши чукул жыйынга чогулду.

Вашингтон Пхеньяндын бул кадамына жооп иретинде тиешелүү чараларды кабыл алуу зарылдыгын айтты. Ак үйдүн Улуттук коопсуздук кеңешинин өкүлү Нед Прайс Кошмо Штаттар БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциясынын бузулушун сынга аларын билдирди.

Түндүк Кореянын башкы союздашы эсептелген расмий Бээжин Пхеньяндын мындай кадамына каршылыгын айтып, Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Хуа Чуньин буга чейин алар Түндүк Кореянын бул сыноосу боюнча кабардар эместигин кошумчалады:

- Бүгүн Корея Элдик демократиялык республикасы дүйнө коомчулугунун каршылыгына карабай, дагы бир өзөктүк сыноо өткөрдү. Кытай Түндүк Кореянын бул кадамын кескин айыптайт. Расмий Бээжин Корей жарым аралынын өзөктүк бомбадан арылышын каалайт. Кытай өзөктүк куралдын жайылтылышынын алдын алуу жана Түндүк Чыгыш Азиядагы бейкуттукту сактоо үчүн Түндүк Кореяны өз милдеттенмелерин так аткарып, абалды курчутпоо үчүн тиешелүү чараларды көрүүгө чакырабыз, - деп билдирди.

Кытайдын тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Хуа Чуньин.
Кытайдын тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Хуа Чуньин.

Пхеньяндын өнөктөшү саналган Орусия азырынча бул боюнча расмий билдирүү жасай элек.

Түндүк Кореянын маалымат каражаттары өкмөткө шилтеме жасап “Суутек бомбасынын ийгиликтүү сыноодон өтүшү Пхеньяндын өзөктүк күчтөрүнүн жаңы деңгээлге чыгышы” деп жазышты.

Түндүк Корея суутек бомбасынын сыноосун өлкө башчысы Ким Чен Ындын туулган күнүн утурлай ишке ашырды. Атасынан бийликти мурастаган Ын эки күндөн кийин 34 жашка толот.

Өткөн айда Ким Чен Ын Түндүк Кореяда суутек бомбасы ийгиликтүү өндүрүштөн чыкканын жарыялаган. Батыш бул билдирүүгө анчейин ишенген эмес. "Франс-пресс" агенттиги адистердин айтканына шилтеме жасап, "Пхеньяндын өзөктүк курал сынаганы дагы деле шек туудурат" деп жазды. Тактап айтканда, бул багытта изилдөө жүргүзгөн окумуштуу Криспин Ровер сыноо өткөрүлдү деген аймакта катталган 5,1 баллдык жер титирөө суутек бомбасы үчүн аздык кылат дейт.

Жалпысынан Түндүк Корея тарыхта үч жолу: 2006, 2009 жана 2013-жылдары өзөктүк сыноону ишке ашырган. Биринчи жолку сыноодо Улуттар Уюму өлкөгө каршы санкцияларды киргизген. Соңку ирет Пхеньян 2013-жылы өзөктүк куралды сыноодон өткөргөн соң БУУнун Коопсуздук кеңеши мурдагы санкцияларды дагы катаалданткан.

Өткөн айда Ким Чен Ын Түндүк Кореяда суутек бомбасы ийгиликтүү өндүрүштөн чыкканын жарыялаган.
Өткөн айда Ким Чен Ын Түндүк Кореяда суутек бомбасы ийгиликтүү өндүрүштөн чыкканын жарыялаган.

XS
SM
MD
LG