Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:47

Түндүк Корея дагы ракета сынай турганын жарыялады


Акыркы жолу Пхеньян Unha-3 ракетасын былтыр 13-декабрда учурган
Акыркы жолу Пхеньян Unha-3 ракетасын былтыр 13-декабрда учурган

Түндүк Корея дагы бир топ ракеталарын учураарын, ядролук дүрмөттөрүн сынай турганын жарыялады. Дүйнөдө аны мындан баш тартууга чакыргандар көп.

Өлкөдөгү Улуттук коргонуу комиссиясына шилтеме менен мамлекеттик маалымат агенттиги “бул өңдүү акциянын максаты - биздин ашынган душманыбыз Америка Кошмо Штаттарына каршы жасалат” деп кабарлады.

Түндүк Кореянын аскерий эң жогорку мекемесинин билдирүүсү Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши Пхеньян декабрь айында баллистикалык ракетасын сынаганын айыптаган резолюцияны колдогондон бир күндөн кийин жасалды.

Түндүк Корея декабрдагы ракетасы жайчылык максатта гана орбитага спутникти жеткиргенин, эч кандай ядролук дүрмөтү жоктугун, ал баллистикалык ракета эмес экенин билдирди.

Пхеньян 2006 жана 2009-жылдары ядролук куралын сынагандан кийин Улуттар Уюму бул өлкөгө мындан ары ядролук программасын өнүктүрүүгө жана куралдарын сыноого тыюу салган.

Түштүк Кореянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Чо Тайюң Түндүк Кореяны “соңку билдирүүсүн кайра жакшылап ойлонуп көрүүгө” чакырды:

-Түндүк Корея мындай билдирүү жасап жатканы аябай өкүнүчтүү. Биздин мамлекет дагы бир жолу Түндүк Кореяга кайрылып, ядролук сыноолор өңдүү ушундай провокациялык аракеттерин токтотууга, эл аралык коомчулуктун эскертүүлөрүнө кулак салууга чакырат.

АКШнын Түндүк Корея боюнча атайын чабарманы Глин Дэвис Пхеньян чындап эле, өз билдирүүсүндө айткандай, өзөктүк дүрмөттөрүн сыноого алса, бул бүтүн корей жарым аралында стабилдүүлүккө коркунуч туудураарын эскертти.

"Биз аларды мындан ары андай сыноолордон оолак болууга үндөйбүз жана алар ошентишет го деп үмүт кылып туралы. Анткени бул ачык эле провокациялык кадам болмок, - деди Дэвис. - Жаңы сыноолор жарым аралдын биригишине жол бербей жаткан узак убактан берки проблемалар боюнча мунаса табууну дагы артка жылдырат. Түндүк Корея жаңы сыноолорду өткөрбөшү керек, бул өтө маанилүү нерсе".

Түндүк Кореянын жакын союздашы Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Хоң Лей болсо “баардык тараптарды региондогу акыбалды курчутуп жибере турган аракеттерден алыс болууга” чакырды.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG