Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:43

Түндүк Корея өзөктүк курал жасай алаарын эскертти


Түндүк Корея жетекчилиги уранды байытуу иштерин жандантып, буга чейин алынган плутонийдин баары курал-жарак жасоого жумшалаарын билдирди. 13-июнь күнү бул тууралуу Түндүк Кореянын мамлекеттик маалымат агенттиги жарыялады. Андан мурунку күнү Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши Пхеньян жакында өзөктүк сыноо өткөргөнү үчүн ага каршы катаал санкциялар кабыл алган.

Түндүк Кореянын мамлекеттик КРТ телеканалынын жаңылыктар берүүсүнүн алып баруучусу ишембиде Тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүүнү сүрдүү добушка салып окуп берди:

- Буга чейин байытылган плутонийдин баары курал-жарак даярдоого пайдаланылат. АКШ жана анын өнөктөштөрүнүн Түндүк Кореяга блокада жарыялап, бут тосуу аракети согуштук акт катары бааланат жана ага жараша сөзсүз чечкиндүү аскердик жооп алат.

Пхеньяндын бул чечими жума күнү Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши кабыл алган санкцияларга жооп катары бааланды. Бир добуштан жактырылган санкцияларга ылайык, Түндүк Корея менен курал-жарак соодалоого тыюу салынат, андан сырткары өлкөгө асыл таш буюмдарын, башка байгерчилик заттарын алып кирүүгө бөгөт коюлат. Андан сырткары резолюцияда Түндүк Кореяга жеңилдетилген насыя берилбей, бардык өлкөлөр Пхеньяндык кемелерди кылдат текшерип туруш керектиги айтылат. Ага ачууланган Түндүк Корея жетекчилиги өз аскерлери андай текшерүүгө жол бербеш үчүн ок ачып коргонууга даяр деп эскертти. Кошмо Штаттардын Улуттар уюмундагы орун басар элчиси Розмари ДиКарло Пхеньянга каршы кабыл алынган чечим өтө жаңычыл, чапчаң жана күтүүсүз болгонун белгиледи.

Эксперттер Пхеньяндын арсеналында 7-8 өзөктүк дүрмөт даярдоого жетиштүү байытылган плутоний бар деп эскертишет. Бирок адистер Түндүк Корея ал дүрмөттөрдү алысты мээлей ала турган ракеталарга жайгаштыруу жагынан аксашы мүмкүн деген пикирде.

Улуттар уюмунун соңку санкциялары Пхеньян 25-майда экинчи ирет өзөктүк сыноо өткөрүп, баллистикалык ракеталарын учурганына байланыштуу кабыл алынды. Ошондон бери эки жума бою Коопсуздук кеңешине туруктуу мүчө 5 өлкө - АКШ, Британия, Франция, Кытай жана Орусиянын, ошондой эле Түндүк Кореяга коңшулаш Жапония менен Түштүк Кореянын элчилери маселени жабык эшик артында талкуулап талашып отуруп, 12-июнда бир чечимге келишкен.

Пхеньян өлкөнүн өзөктүк программасы жалаң АКШнын ыктымал кол салуусунан коргонуу максатын көздөөрүн айтса, Вашингтон Түндүк Кореяга чабуул коюу ниети жоктугун, бирок бул өлкөдө өндүрүлгөн өзөктүк технологиялар башка тараптарга өтүп кетиши мүмкүн деп кооптоноорун кайталап келатат.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG