Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:58

Түндүк Кореянын ракета учуруу планы кооптондурууда


Бул - Ким Чен Ын мамлекетти башкара баштагандан бери ракета учурууга көрүлүп жаткан экинчи аракет
Бул - Ким Чен Ын мамлекетти башкара баштагандан бери ракета учурууга көрүлүп жаткан экинчи аракет

Орусия расмий Пхеньянды ушул айда баллистикалык ракетаны сыноо планынан баш тартууга чакырса, Жапония ракетадан коргонуу системасын ишке киргизип жатат.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги дүйшөмбүдө тараткан билдирүүсүндө Түндүк Кореяны ушул айда ракета учуруу планынан баш тартууга чакырган. “Анткени бул Бириккен улуттар уюмунун баллистикалык ракета учурууга тыйуу салган резолюциясын бузуу дегенге жатмак”, - деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Расмий Пхеньян ал ракета космостук спутникти орбитага чыгарыш үчүн учурулат деген. Бирок анын айткандарына ишенбей, азыр дүйнөдө көпчүлүк Пхеньянды континенттер аралык баллистикалык ракетасын учурганы жатат жана ал ракета өзөктүк курал менен дүрмөттөлгөн болсо керек деп кооптонушууда.

Буга чейин Түндүк Корея өзөктүк куралдарын эки ирет – 2006 жана 2009-жылдары – сынактан өткөргөн.

Азыр эми жаңы ракетаны учурууга камынган Пхеньяндын аракетин АКШ заматта айыптады. Коммунисттик Түндүк Кореянын негизги өнөктөшү Кытай болсо “тынчсыздануусун” билдирди.

Түштүк Корея менен Жапония ага жооп берүүгө камынып жатышканын айтышты.

Кызыгы - Түндүк Кореянын жарыясы Түштүк Кореяда президенттик шайлоо өтө турган учурга туш келип жатканы. 19-декабрда Түштүк Кореяда президенттик шайлоо өтөт, ошондуктан ракетанын учурулушу эки өлкөнүн ортосундагы ансыз да оор мамилелерди мурдагыдан бетер солгундатат деп болжолдонууда. Түндүк Корея ракетаны 10-декабрдан 22-декабрга чейинки мезгил аралыгында учураарын кабарлаган.

Сеулда биригүү министри Ким Хюн-сук дүйшөмбү күнкү маалымат жыйынында: "Бул ачык эле провокациялык аракет болгондуктан, эл аралык коомчулук жана АКШ Түндүк Кореяны тезинен ал планынан баш тартууга жана биздин талаптарды аткарууга чакырышты", - деди.

Жапон өкмөтүнүн расмий өкүлү Осамура Фужимура дүйшөмбүдөгү билдирүүсүндө Түндүк Кореяга эскертүү жасагандай болду.

"Биз Түндүк Кореяны өзгөчө кылдаттыкка, сабырдуулукка чакырабыз", - деди ал.

Пхеньян быйыл апрелде да ракетасын сыноого аракет кылган. Бирок ал белгиленген чегине жетпей, Сары деңизге түшүп калган эле.

Жапон өкмөтү азыр элин коркунучтан сактоо аракеттерин көрө баштады.

"Эгер Түндүк Корея баары бир ракетасын учура турган болсо, анда биз бүт тийиштүү эскертүүнү улуттук өзгөчө кырдаалдар кызматтарына беребиз, - деди министр Фужимура. - Жарандарыбызды радио жана телеканалдар аркылуу берилүүчү маалыматка кулак салып турууга чакырабыз".

Кабарларга караганда, Жапония Окинава аралында ракетадан коргонуу системасын орното баштады. Маалымат каражаттары билдиришкендей, өлкөнүн армиясына “непада ракета өлкөнүн аба майданына өтүп кетсе, ошол замат аны атып түшүрүүгө буйрук берилген”.

Түндүк Кореянын ядролук программасынын айланасындагы алты тараптуу талкууларга азыр АКШ, Кытай, Орусия, Жапония жана Түштүк Корея катышууда.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG