Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:27

Түндүк Кореянын жаш лидери тегерегинде суроо көп


Ким Чен Ын (ортодо) табыттагы атасына таазим эткени келген кез. Пхеньяндагы Кымсусан меморалдык комплекси. 20-декабрь 2011
Ким Чен Ын (ортодо) табыттагы атасына таазим эткени келген кез. Пхеньяндагы Кымсусан меморалдык комплекси. 20-декабрь 2011

Жашы 30га толо элек Ким Чен Ындын Түндүк Кореяда бийликти мурастап алуусу ядролук бомбасы бар, сталинчил башкаруудагы өлкөнүн болочогу тууралуу түрдүү ой-жоромолдорду жаратууда.

“Улуу мураскер” бийлик тегерегиндеги ар түркүн топтор ортосундагы балансты сактап, 24 миллион калктуу өлкөнү калдаңдатпай кармап тура алабы? Же бийликти чеңгээлинде бекем кармап турганын көрсөтүү үчүн куралдуу калабага барышы мүмкүнбү?
Ким Чен Ынды алмаштыра алчу альтернативдүү бийлик же альтернативдүү инсан барбы? Түндүк Кореядагы теңдешсиз лидер системасында мындай фигурага орун болбойт. Хак Сун Пак

Тактыны атасынан мурастап алган Ким Чен Ындын бийлиги канчалык реалдуу? Али отузга чыга элек жаш жигит мамлекетти башкарууга канчалык дасыккан? Жаш Кимге бийликтин өтүүсү канчага созулат жана түрүдүү кландар ортосундагы күрөш менен коштолобу? Бул сыяктуу суроолор Батыштын жана коммунисттик Кореяга коңшулаш өлкөлөрдүн тынчын алып турган чак.

Роберт Уорд - Лондондогу Economist Intelligence Unit борборунун Түндүк Корея боюнча эксперти. Серепчинин айтышынча, Ким Чен Ын канчалык кубатуу бийликке ээ болору азырынча белгисиз.
Ким Чен Ын (ортодо) Пхеньяндагы "Mokran" видеокомпаниясындагы иш сапары маалында. 11-сентябрь 2011
Ким Чен Ын (ортодо) Пхеньяндагы "Mokran" видеокомпаниясындагы иш сапары маалында. 11-сентябрь 2011


“Биз атасынын уулу Ким Чен Ынга канча бийлик берилери жөнүндө дээрлик эч нерсе билбейбиз,-дейт “Азаттыкка” берген интервьюда Роберт Уорд. - Мисалы, ал армияда же Коммунисттик партияда канчалык бийликке ээ болорун билбейбиз. Мындай белгисиздик Ким Чен Ир өлдү деген кабардан кийин дүйнө өлкөлөрүн камтамага салууда деп ойлойм. Менимче, 27 жаштагы Ким Чен Ында тажрыйбасы аз. Эки жыл мурда атасы Кин Чен Ер катуу ооруп калгандан тарта ага бийлик өткөрүп берилип жаткан. Менин көз карашымча, эрке чоңойгон бул жаш жигитте атасындай даанышмандык жана саясый эрк жоктой туюлат.”

Эл аралык коомчулук Кимдер династиясынын 60 жылдык башкаруусун улантуучу жаңы мураскер жөнүндө өтө аз кабардар. Маалыматтарга караганда, улуу мураскер Ким Чен Ердин үчүнчү зайыбынан төрөлгөн. 1998-жылга чейин жалган ысым менен Швейцарияда эл аралык мектепте окуган. Швейцариянын “L ‘Hebdo” журналынын жазышынча, Ким мектепти 15 жашында күбөлүк албай бүткөн. Классташтары Кимди уялчаак, көпчүлүктөн өзүн оолак кармаган, чаңгы тээп, баскетбол ойногонду жакшы көргөн, өз ою менен жашаган бир мүнөз адам деп мүнөздөшөт. Ал чет өлкөдөн кайтып келген соң Аскердик университетти бүткөн.


Ким Чен Ын Чхонжин провинциясындагы Huichon электр станциясын текшерип жүрөт. 4-ноябрь 2010
Ким Чен Ын Чхонжин провинциясындагы Huichon электр станциясын текшерип жүрөт. 4-ноябрь 2010
Түштүк Кореянын “The Korea Herald” гезити Ким жаш кезинен тарта бийликке жана адамдарды башкарганга тарбияланган деп боолгойт. Себеби, Ким Чен Ын 2009-жылы атасынын ордуна бийликти мурастап алары айтыла баштаган жана былтыр аскерий тажрыйбасы жетишсиздигине карабай, ага генерал наамы ыйгарылган.

Сеулдук серепчи Хак Сун Пактын “Азаттыкка” айтышынча, Ким Чен Ын былтыр бийликтин негизги буроолорун атасынан өткөрүп алган:

- Өткөн жыл Ким Чен Ир бийликти өтө ыкчам уулуна топтоп берген мезгил болду. Азыр чечүүчү бир жагдай бар: Ким Чен Ынды алмаштыра алчу альтернативдүү бийлик же альтернативдүү инсан барбы? Түндүк Кореядагы теңдешсиз лидер системасында мындай фигурага орун болбойт.

Улут лидеринин орун басар саясатчыны “музоосунда сүзүп” жок кылуу жана бийликке “Куш” деп тизе бүгүп турган чиновниктерди тарбиялоо бардык эле авторитардык бийликтерге мүнөздүү көрүнүш. Арап жазы элди козгоп, диктаторлорду алмаштырган Ливия, Египет, Йемен, ошондой эле экс-советтик Түркмөнстан, Өзбекстан, Азербайжан, Казакстан, Орусиядагы окуялар Түндүк Кореядагы үй-бүлөлүк башкарууга көп жагынан окшош. Табияты да бир.

Күтүлгөндөй эле Түндүк Кореянын төбөлдөрү жаш лидерди “лам” дебей колдошту.

“Биз көрүп жаткандай Ким Чен Ынды жаңы лидер ирети Түндүк кореялык саясатчылардын негизги оюнчулары колдошту. Бул анын бийликтин туруктуулугун сактоосу үчүн чоң жетишкендик деп ойлойм. Мындан эч кандай күмөнүм жок”, - деди Түндүк Кореяны изилдөө борборунун директору Хак Сун Пак.

Жаш лидерге алгачкы мезгилде негизги таяныч атасынын эжеси Ким Кен Хи жана жездеси Чан Сон Тхэк болору айтылууда. Эжеси иниси сыяктуу эле генерал, а жездеси өлкөдөгү экинчи таасирлүү адам эсептелет.

Шейшемби күнү Түндүк Корея кыска аралыкка учуучу ракетаны сынаганын Түштүк Кореянын маалымат булактары кабарлашты. Ракетаны сыноо Ким Чен Ир дүйнө салганга байланыштуу өткөрүлдүбү же жаш көсөм өз күчүн көрсөтүү үчүн мындай буйрук бердиби? Бул суроолордун жообу бир-эки жылдан кийин билинет.

XS
SM
MD
LG