Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:37

Роза Отунбаевага Кувейт сыйлыгы ыйгарылды


Сыйлык тапшыруу учуру. Эл-Кувейт шаары. Март, 2019-жыл.
Сыйлык тапшыруу учуру. Эл-Кувейт шаары. Март, 2019-жыл.

Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаевага Кувейт мамлекетинин «Чыгаан айымдар үчүн» сыйлыгы ыйгарылды. Сыйлык Нооруз майрамынын алдында Эл-Кувейт шаарында Кувейт эмири Шейх Сабах Аль-Ахмад Аль-Жабер Aль-Сабахтын катышуусунда Отунбаевага тапшырылды.

«Роза Отунбаеванын демилгелери» фонду маалымдагандай, «Чыгаан айымдар үчүн» Кувейттин сыйлыгы мамлекеттерди жана жарандык коомду жакшыртууга салым кошкон айымдарга берилет.

Сыйлык 8-март - Айымдардын эл аралык күнүнө карата ыйгарылды.

Роза Отунбаева 2010-жылы 7-апрелде Убактылуу Өкмөттү жетектеген. 2010-жылы июнда референдум аркылуу Кыргызстандын өткөөл мезгилдеги президенти болуп шайланган. 2011-жылдан бери «Роза Отунбаеванын демилгелери» фондун жетектеп келет. (ZKo)

XS
SM
MD
LG