Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:53

ӨКМ жазгы чукул кырдаалдарга даярдык тууралуу маалымат берет


Араван районундагы Кичик-Алай айылындагы сел. 10-июль, 2017-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.
Араван районундагы Кичик-Алай айылындагы сел. 10-июль, 2017-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) жазында күтүлө турган түрдүү табигый кырсыктардын алдын алууга даярдык тууралуу маалымат берет.

Бул тууралуу «Азаттыкка» аталган министрликтин басма сөз катчысы Элмира Шерипова билдирди:

«Бүгүн биздин жетекчилик 2018-жылдагы ишмердүүлүгү боюнча жалпы маалымат берет. Андан тышкары жыл сайын жазында күтүлүүчү түрдүү табигый кырсыктардын алдын алуу иштери боюнча да тиешелүү адистер айтып беришет».

Жаз келип күн жылыганда дарыяларда суу ташып, нөшөрлөгөн жаандан пайда болгон сел айыл-кыштактарга зыян келтирип, айдоо аянттарын жууп кеткен учурлар арбын болот.

Кээде мындай кырсыктар жер көчкүгө чейин жетип, адам өлүмү менен коштолгон учурлар да бар. (ZKo)

XS
SM
MD
LG