Журналист, мурдагы аткаминер Бабырбек Жээнбеков 68 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу анын жакындары кабарлады.
Маркум акыркы жылдары узакка созулган дарттан жабыркап жүргөн. 2018-жылы Түркияга барып операция болуп келгени маалымдалган.
Эмгек жолун 1967-1968-жылдары Талас облусунун Киров районунда мектептен баштаган.
Бабырбек Жээнбеков «Алиби» жана башка бир нече гезиттерди негиздеген.
2013-жылы кыргыз өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жана атаандаштыкты тескөө боюнча агенттикти жеттектеген. (ZA)