«К.Д.Б.» жоопкерчилиги чектелген коому Казакстандан 240,6 тонна күйүүчү майды салык төлөөдөн качуу максатында газохол катары каттатып, Кыргызстанга алып киргени аныкталды.
Аны Чүй облусунун Кара-Балта шаарында жайгашкан мунайзаттын резервуарында сактап турушкан.
Товардын коштоочу документине ылайык, мунайзаттын бул көлөмү Казакстанда «К.Д.Б.» ЖЧКнын дарегине газохол катары келип түшкөн. Лабораториялык текшерүүнүн жыйынтыгында ал АИ-92 үлгүсүндөгү бензин экени белгилүү болгон.
Бул факты өлкөгө мунайзат өндүрүмүн мыйзамсыз ташып келүүгө бөгөт коюу боюнча Мамлекеттик салык кызматы жүргүзгөн рейддин жүрүшүндө аныкталды.
Газохол-90% - этилденбеген бензин менен 10% этил спиртинин аралашмасы. (BTo)