Ош облусунун аймагында «Арсенал» аттуу рейд башталды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын баса сөз кызматы билдирди.
Рейддин жүрүшүндө элдеги мыйзамсыз ок атуучу курал-жарак жана ок-дары алынат.
Мындан эки күн мурун Өзгөн районунун Ийри-Суу айылында жашаган бала ойноп жатып кокустан агасын атып алган. Өспүрүм окуя болгон жерде каза болгон.
ИИМ курал-жаракты жана ок-дарыларды, жардыруучу заттарды жана жардыруучу буюмдарды мыйзамсыз түрдө алуу, сатуу, ташуу, колдонуу, сактоо жана алып жүрүү кылмыш жоопкерчилигине тартыла турган аракет экенин үзгүлтүксүз эскертип келет.
Мыйзамдарга ылайык мындай жолго баргандар эркинен ажыратууга чейин жазага тартылат. Курал-жаракты өз ыктыяры менен тапшырган жаран кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат. (ErN)