Казакстандын Астана шаарында 22-мартта Ноорузду майрамдоо учурунда полиция ондогон адамдарды кармады.
Ушундай эле окуя Алматы шаарында да болуп, полиция он чакты адамды кармап кетти. Гоголь жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишине адамдар чогулуп, өлкөдөгү акыркы саясий чечимдерди талкуулап, Астананы Нурсултан деп атоого каршы пикирин билдиришти.
21-мартта Астананын акимчилигинин алдына баш калаанын аталышын өзгөртүүгө каршы нааразылык акциясына чогулгандар да кармалган.
20-мартта Мажилистин сессиясында Казакстандын элине ант берип, президенттик кызматка киришкен Касым-Жомарт Токаев Астанага туңгуч президент Нурсултан Назарбаевдин ысымын ыйгарууну сунуш кылган.
Ошол эле күнү Астананын аталышын алмаштырыш үчүн Баш мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр парламентке жиберилип, ал дароо эки окууда кабыл алынган.