Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:12

Аба ырайы: көпчүлүк аймактарда жаан жаайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Кыргызгидромет» борбору кабарлагандай, 23-мартта түнкүсүн жаан жаабайт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +1…+6, күндүз +14…+19,

Талас жергесинде түнкүсүн +1…+6, күндүз +14…+19,

Баткен облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +14…+19,

Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +3…+8, күндүз +14…+19,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 0…+5, күндүз +10…+15,

Нарын облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +7…+12 градус болот.

Бишкекте жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14 метрге чейин жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 3…5°, күндүзгү жогорку температурасы 16…18° болушу күтүлөт.

XS
SM
MD
LG