Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 12:56

Кыргызстандын сегиз компаниясы Дохада жармаңкеге катышып жатат


Доха шаарында өтүп жаткан жармаңке.

Кыргызстандын «Kyrgyz Natural Product», «GIMNILI», «Маңыз», «Balary», «Aman Green Food», «Дары Тянь-Шань», «Ala-Too Honey» жана «Ханхяп» компаниялары Доха шаарында эл аралык «AGRITEQ-2019» жармаңкесине катышып жатат.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы ал 19-мартта башталганын кабарлады. Компаниялардын жармаңкеге катышуусуна Кыргызстандын Катардагы элчилиги менен Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттиги көмөк көрсөткөн.

Бул көргөзмө-жармаңке Катардын эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль-Танинин колдоосу менен жыл сайын уюштурулат.

Кыргызстан жармаңкеге экинчи жолу катышып жатат жана ар түрдүү балдын сортторун, кургатылган мөмө-жемиш, жаңгак, жогорку сапаттагы инкубациялык жумуртка жана тоок этин алып чыкты. Иш-чарага 49 мамлекеттен келген 450 компания катышууда. (BTo)

XS
SM
MD
LG