Ооганстанда АКШнын эки жоокери аскердик операция маалында каза тапты. Бул тууралуу НАТОнун Ооганстандагы миссиясы 22-мартта билдирди. Бирок аскерлердин аты-жөнү, кандай шартта мерт болгону тууралуу маалымат бериле элек.
Ооганстанда НАТОнун 17 миңдей аскердик кызматкери жергиликтүү армияны машыктыруу менен алек болуп келет. Мынча жоокердин жарымына чукулу АКШнын жарандары.
Америкалык эки аскердин өлүмү тууралуу кабар Нооруз күнү Кабулдун шииттер байырлаган районунда болгон, алты кишинин өмүрүн алган жардыруулардан кийин белгилүү болду. Бул чабуулдарга «Ислам мамлекети» терррордук тобу жоопкерчилик алган.
Расмий маалыматка ылайык, НАТОнун АКШ баштаган коалициясынын аскерлери 2014-жылы Ооганстандан чыгып кеткенден бери кеминде 65 америкалык жоокер ооган жеринде каза тапты.