Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:35

Астанада «Настоящее время» каналынын журналисти кармалды


Алматыдагы кармоо. 22-март, 2019-жыл.
Алматыдагы кармоо. 22-март, 2019-жыл.

Астанада казак баш калаасынын аталышын өзгөртүүгө каршылык билдирип чыккан бир нече адам менен кошо «Настоящее время» телеканалынын кабарчысы Светлана Глушкова да кармалды. Полиция журналистти кармоого бир аялдын арызы себеп болгонун билдирди.

Кабарчы Светлана Глушкова.
Кабарчы Светлана Глушкова.

Глушкова редакцияга: «Мени кармап кетишти. Мага адвокат керек. Учурда Сары-Арка башкармалыгындамын» деп билдирүү жөнөтүүгө үлгүрдү.

22-мартта Ноорузду майрамдоо учурунда Астанадан башка, Алматы жана Чымкент шаарларында да баш калаага мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин атын ыйгаруу боюнча чечимге каршылык билдирген ондогон адамдар кармалды.

Астанада улуттук кийимдерди кийген жаштар «Эркин Европа / Азаттык» кабарчыларын курчап алып, кармоо иштерин чагылдырууга жолтоо болушту. Алар: «Бул Нооруз! Бизди чагылдыргыла!», - деп айтып жатышты.

Алматыда да айрым адамдар кабарчыларга кармоону көрсөтпөгөнгө аракет кылып жатышты.

20-мартта Мажилистин сессиясында ант берип, президенттик кызматка киришкен Касым-Жомарт Токаев Астананын аталышын Нурсултан деп өзгөртүүнү сунуш кылган. Андан көп өтпөй казак парламенти тиешелүү мыйзам долбоорун жактырган. Эртеси күнү Астананын акимчилигинин алдына баш калаанын аталышын өзгөртүүгө каршы нааразылык акциясына чогулган 20га чукул киши кармалган.

XS
SM
MD
LG