Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:18

Ошто май куюучу жайлар текшерилип жатат


Таалайбек Сарыбашов май куюучу жайларды текшерүү учурунда.
Таалайбек Сарыбашов май куюучу жайларды текшерүү учурунда.

Мындан ары Ошто шаар ичине май куюучу жайларды курууга уруксат бербөө жөнүндө буйрук чыгарылат. Ош мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, бул тууралуу мэр Таалайбек Сарыбашов Ошто май куюучу бекеттерди текшерүү учурунда айтты.

«Эң биринчи кезекте элдин коопсуздугун ойлошубуз керек. Ар бир май куюучу жайдын мыйзамдуулугун текшергиле. Май куюучу бекеттер шаардын сыртында деле жетиштүү. Талапка жооп бербеген, мыйзамсыз курулган, кооптууларынын иши токтотулат», - деди Сарыбашов.

Ош шаарында жалпы 44 май куюучу жай бар. Анын алтоо иштебей турат.

20-мартта кечке жуук Ош шаарынын Түштүк-Чыгыш кичирайонундагы Исанов көчөсүндө жайгашкан май куюучу бекеттен өрт чыгып, эки адам жабыркаган. (BTo)

XS
SM
MD
LG