Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:33

Убагында айыппул төлөбөгөн айдоочулардын машинеси камакка алынат


Ыманалы Саркулов.
Ыманалы Саркулов.

Жол эрежесин бузган айдоочулар айыппулду өз убагында төлөбөсө банктагы эсептери жана транспорт каражаттары камакка алынышы мүмкүн. Бул тууралуу «Азаттыкка» Ички иштер министрлигинин Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркулов билдирди. Ал кошумчалагандай, эреже бузган айдоочу айыппулду бир айдын ичинде төлөшү керек.

«Тартип бузуу жөнүндө кодекстин негизинде айдоочу жол эрежесин бузганы тууралуу токтом чыгарылып, ал автоунаанын ээсине жеткирилет. Ал токтомду алгандан кийин айыппулду 15 күндүн ичинде төлөсө, анын 50 пайызын берет. Мыйзам боюнча айыппул тууралуу маалымат тартип бузуучуга барган соң бир айлык мөөнөт өткөндөн кийин күн сайын бир пайыздан туум кошулат. Ошентип, айыппул тууралуу маалымат тартип бузуучуга барганына бир ай толгондон кийин 100 күн өткөн соң туумдун негизги суммасы айыппулдун негизги суммасына теңелет. Андан кийин туум токтотулат дагы, биз ал материалды сотко өткөрөбүз. Эгер тиешелүү өлчөмдөгү айыппул убагында төлөнбөсө айдоочунун банктагы эсептери убактылуу тоңдурулуп, автоунаасы камакка алынышы мүмкүн», - деди ал.

Бүгүн Бишкекте «Коопсуз шаар» долбоору боюнча тегерек стол уюуштурулду. Анда долбоордун экинчи фазасын ишке киргизүүгө даярдык көрүлүп жатканы белгилүү болду.

Долбоордун экинчи этабында Кыргызстандын жети облусу, республикалык маанидеги эки, облустук жана райондук маанидеги 15 шаар жана 73 калктуу аймак камтылат.

Долбоор 2019-жылдын аягына чейин республиканын бардык аймагында иштей баштайт. Анын негизинде беш жылда бюджетке 20 миллиард сомдой каражат түшөрү күтүлүп жатат.

12-февралдан тартып Бишкекте «Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи фазасы иштей баштады. Анын алкагында Бишкектеги 10 кесилишке камера орнотулуп, 17 стационардык, 20 көчмө программалык аппарат комплекстери коюлду. (AlS)

XS
SM
MD
LG