Орусиянын карамагындагы Якутия (Саха) Республикасындагы зордуктоого шектүү катары баш-аягы үч кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Кыргызстандын Мамлекеттик миграция кызматынын жетекчисинин орун басары Самат Токтоболотов билдирди.
«Үчөө тең кыргызстандыктар. Үчөө дос болушкан. Аларга өкмөт тарабынан котормочу жана адвокат жалданып берилген», - деди Токтоболотов.
Ал Москвада Орусиянын Федералдык миграция кызматынын жетекчилиги менен жолугуп, өлкөнүн бардык аймактарында мыйзамдуу жүргөн кыргызстандык эмгек мигранттарынын укугунун сакталышына кепилдик берүүнү сүйлөшкөнүн кошумчалады.
Якутияда мигранттарга каршы маанай 17-мартта кыргызстандык жаран жергиликтүү аялды зордуктаганы тууралуу маалымат чыккандан кийин күчөгөн. 18-мартта Якутск шаарында мыйзамсыз мигранттарга каршы митинг өтүп, ага республиканын жетекчилери да катышкан.
19-мартта Кыргызстандын Мамлекеттик миграция кызматы жана Орусиядагы элчиликтин өкүлдөрүнөн турган делегация Якутияга барып, республиканын бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшүү жүргүзгөн. Ошондой эле кыргыз делегациясынын өкүлдөрү мамлекеттик телеканал аркылуу жергиликтүү элден кечирим сураган.
Соңку окуялардан кийин Якутиянын полициясы борбор азиялык мигранттарга ыдык көрсөткөн жергиликтүү тургундарды кармап, ошол эле учурда мыйзамсыз мигранттарды аныктоо максатында рейддерди жүргүзүп жатканы кабарланган.
Якутияда 7 миң ашуун кыргызстандык жашап-иштейт деген маалымат бар. Расмий маалыматка караганда, республикада 2018-жылы жыныстык мүнөздө 296 кылмыш катталса, анын төртөө мигранттардын катышуусунда болгон. (GA/KKs)