Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:18

Трамп Кыргызстан менен келишим түзүлүшүн күтүп жатканын билдирди


Кыргызстан менен АКШнын желектери.
Кыргызстан менен АКШнын желектери.

Америка Кошмо Штаттарынын президенти Дональд Трамп кыргызстандыктарды жана президент Сооронбай Жээнбековду Нооруз майрамы менен куттуктап, Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы эки тараптуу кызматташтык боюнча келишимдин түзүлүшүн күтүп жатканын билдирди.

«Биздин эки өлкөбүздүн ортосундагы 27 жылдык өнөктөштүгүбүз бай кызматташтык салттарына ээ. Келечекте кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүн тереңдетиш үчүн AKШ менен Кыргызстандын ортосундагы эки тараптуу кызматташтык тууралуу келишимдин ийгиликтүү түзүлүшүн чыдамсыздык менен күтүп жатам», - деп айтылат Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

Кыргызстандын АКШдагы элчиси Болот Отунбаев буга чейин «Азаттыкка» Кыргызстан менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосунда кызматташтык тууралуу жаңы келишимдин долбоорун талкуулаш үчүн Бишкекке америкалык эксперттер келерин айткан.

Кыргызстан менен АКШнын өкмөттөрүнүн кызматташтыгы тууралуу келишимге 1993-жылы 19-майда Вашингтондо кол коюлган.

Бул документти кыргыз өкмөтү 2015-жылдын 21-июлунда бир тараптуу денонсациялаган.

Жаңы келишим даярдалып жатканын 14-мартта элчилер менен жыйында мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков да билдирген. (BTo)

XS
SM
MD
LG