Линктер

шаршемби, 24-апрель, 2019 Бишкек убактысы 21:53

АКШ Иранга жаңы санкция салды


АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео.

АКШ Ирандын өзөктүк жана ракеталык программасын иштеп чыгууга байланышы бар 14 адамга жана 17 ишканага санкция салды. Бул тууралуу Мамлекеттик департамент 22-мартта билдирди.

Анда президент Дональд Трамптын администрациясы "региондун стабилдүүлүгүнө коркунуч жараткан жана Иран элине зыян келтирген аракеттерге Ирандын режимин жооптуу деп эсептөөнү улантары" айтылган.

Жаңы санкцияга кабылган ирандык атуулдар менен компаниялардын "Ирандын Коргоону инновациясы жана изилдөө уюму" менен байланышы болгон. Эми алардын АКШдагы мүлкү камакка алынып, америкалыктарга кара тизмеге түшкөндөр менен иш алып барууга тыюу салынат.

Вашингтон Ирандын өзөктүк программасы боюнча Тегеран менен дүйнөнүн алты державасынын ортосундагы 2015-жылкы макулдашуудан былтыр май айында чыгып кеткен. Андан бери өзөктүк келишим кабыл алынгандан кийин токтотулган санкциялар кайра киргизиле баштаган.

Тегеран АКШнын жаңы санкциялары боюнча үн ката элек. Бирок Ирандын жетекчилиги буга чейин Американын санкцияларын "адилетсиздик" катары мүнөздөп, ага баш ийбей турганын бир нече ирет билдирген.

XS
SM
MD
LG