Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:34

Футбол: Кыргызстан Сириядан утулуп калды

Кыргызстандын футбол боюнча олимпиадалык курама командасы (23 жашка чейинкилер) Азия чемпионатынын тандоо турунда Сирия командасына утулуп калды. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол федерациясынан кабарлашты.

22-мартта Кувейтте "Е" группасындагы алгачкы беттештер башталган. Анда Кыргызстан Сирияга 2:0 эсебинде утулуп калды. "Е" тобундагы Иордания жана  Кувейт курама командалары дагы ойнойт. Кыргызстан 24-мартта Иордания менен таймашат.

Азия чемпионатынын финалдык оюндары 2020-жылы январь айында Таиландда өтөт. (TSh)

XS
SM
MD
LG