Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:39

Орусиянын АКШдагы шайлоого кийлигишкени боюнча иликтөө аяктады


2016-жылы Москванын АКШдагы президенттик шайлоого кийлигишүүсү боюнча иликтөө аягына чыкты. Иликтөө тобун жетектеген атайын прокурор Роберт Мюллер өзүнүн докладын АКШнын Башкы прокуратурасына өткөрүп берди.

“Голос Америка” басылмасы иликтөө тобу масалык маалымат каражаттарынан жана коомчулуктан тергөөнүн жүрүшүн ийгиликтүү жашырып келгенин жазды. Иликтөө тобунун ишинде 34 кишиге, эки юридикалык жактарга эки жүздөн ашык айып коюлган. Айыпталгандардын жыйырма алтысы Орусиянын жарандары.

Дональд Трамп башынан бери эле бул иликтөөнү негизисиз деп атап, анын шайлоо штабы менен Москванын эч кандай байланышы болбогонун айтып келет. (TSh)

XS
SM
MD
LG