Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:19

Кытайлык кыргыздар Бишкекте концерт берди


Кытайлык кыргыздар сахнада. 2019-жыл.
Кытайлык кыргыздар сахнада. 2019-жыл.

Кытайдан келген кыргыздар 22-март күнү Абдылас Малдыбаев атындагы кыргыз улуттук опера жана балет театрында концерт уюштурушту.

Кызыл-Суу кыргыз автономдуу округунан келген 30дан ашык кыргыз "Манас" айтып, комузда кол ойнотушту. Эки саатка созулган саамалыкка президенттик аппараттын, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин өкүлдөрү менен Кытай эл республикасынын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь катышты.

Кытайлык кыргыздар Бишкекке 20-март күнү президенттин чакыруусу менен келген. 21-мартта борбордук аянтта өткөн Нооруз майрамына катышкан. (AlS)

XS
SM
MD
LG