Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:20

Астананын аты Нур-Султан деп өзгөртүлдү


23-мартта Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Астананы Нур-Султан деп өзгөртүү жарлыгына кол койду. Бул тууралуу президенттин расмий сайтында кабарланды. Жарлык кол коюлгандан тарта күчүнө кирет.

20-мартта казак парламенти өлкөнү 30 жыл башкарган Нур-Султан Назарбаевдин урматына борбор шаар Астананын аталышын Нур-Султан деп атоо тууралуу сунушту колдоп, Баш мыйзамга өзгөртүү киргизген.

Астананы Нурсултан деп өзгөртүүнү 20-мартта ант берип, президенттик кызматка киришкен Касым-Жомарт Токаев сунуш кылган. (TSh)

XS
SM
MD
LG