Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:32

Ала-Буканын чек арадагы айылында жаңы маданият үйү ачылды

1-Май айыл аймагынын Ажек айылында 220 орунга ылайыкташкан эки кабаттуу маданият үйү ачылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” айылдык аймактын башчысы Муктар Шербаев билдирди. Элеттин маданиятын жогорулатуу максатында жазылган долбоор АРИСтин колдоосу менен ишке ашырылды.   

Чек арадагы айылга маданият үйүн курууга Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) тарабынан 12 миллион сом, райондук өнүктүрүү фондунан 1,5 миллион сом, 1-Май айыл аймагы тарабынан 700 миң сом бөлүнгөн. 

“Мындан ары түрдүү маданий иш-чараларды ушул имаратта өткөрөбүз. Чыгармачыл инсандардын концертине да шарт түзүлдү. Жергиликтүү бийлик тарабынан үч штат бирдиги чечилди. Маданият үйүн мындан ары дагы жакшыртуу аракети көрүлө берет", – деди Муктар Шербаев.

Маданият үйүнүн ачылышына Маданият министрлигинин өкүлдөрү келбей койгонуна жергиликтүү тургундар нааразы болушту.

1-Май айыл аймагы Өзбекстан менен чектешип, алты айылдан турат. 15 миңден ашуун калкы бар. (RsK)

XS
SM
MD
LG