2018-жылы ишиндеги кемчиликтери үчүн Ички иштер министрлигинен 263 кызматкер бошотулуп, анын ичинен 155и бул тармактан биротоло кетти. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен (ИИМ) кабарлашты.
ИИМдин маалыматы боюнча мындай кадамдар милициянын курамынын сапатын жакшыртуу максатында жасалды. Ошондой эле ИИМдин Бишкек, Чүй Ички иштер башкармалыктарынын аппаратынан 625 кызматкер кыскартылып, алардын ордуна аймактардагы милиция бөлүмдөрүнө штат ачылды. Буга чейин коомдук тартипти сактаган милиция кызматкерлери тартыш болуп келген.
Соңку мезгилдерде милиция кызматкерлеринин жосунсуз жоруктары көп катталып, бул тармакка коомчулуктун сын-пикири күчөдү. (TSh)