Жалал-Абад шаарынын Эркиндик аянтында 2005-жылдагы март окуясы эскерилди. 24-марттагы окуянын урматына тургузулган эстеликке гүл чамбарлар коюлуп, куран окутулду. Эскерүүгө өкмөттүн облустагы өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана отузга жакын ыңкылапчы катышты. Борбордук аянтта эч кимге сөз берилген жок, катышуучуларды шаар бийлиги сый-тамакка чакырды.
Кыргызстандын саясий тарыхында “Жоогазын ыңкылабы” деген ат менен белгилүү март окуясына быйыл 14 жыл толду. 2005-жылы 24-мартта нааразычылыгын билдирип чыккан миңдеген адамдардын күчү менен бийлик алмашып, 15 жыл бою мамлекет башында турган президент Аскар Акаевдин режими кулатылган. Толкундоолор марттын башында Жалал-Абадда башталып, өлкөнүн булуң-бурчуна жайылган.
Акаев мамлекеттен качып, Орусиядан башпаанек алган. Бийликке оппозициялык кыймылдын башчысы Курманбек Бакиев келип, 2010-жылдын 7-апрелиндеги ыңкылаптан кийин өлкөдөн чыгып кеткен. (RsK)