Жалал-Абад шаарынын Барпы атындагы театрында өтүп жаткан жыйынга 400дөн ашык адам катышып жатат. Чогулушка Сузак районунун жана Жалал-Абад шаарынын тургундары, мугалимдер, спорт мектебинин окуучулары, студенттер жана айрым мекеме-ишканалардын кызматкерлери да катышып жатат.
Жыйындын башында КСДПнын тарыхы жана экс-президент Алмазбек Атамбаевдин партияга тийгизген таасири тууралуу тасма көрсөтүлдү. Тасма көрсөтүлүп жаткан учурда айрымдар залдан чыгып кетишти. Алар жыйынга маалыматсыз келгенин айтып, ага тиешеси жоктугун билдиришти.
Уюштуруучулар бул жыйында шаардык жана райондук координаторлорду шайлоо маселеси карала турганын билдиришти.
Буга чейин мындай жыйындар Чүйдө жана Талас облустарында өткөн. Уюштуруучулардын бири, коомдук ишмер Жылдызбек Турганов бүгүнкү жыйынга эч ким мажбурлап чакырылбаганын, баары өз каалоосу менен келгенин билдирди.
Кыргызстан Социал-демократиялык партиясында акыркы бир жылда пикир келишпестиктер орун алып келүүдө. Экс-президент Алмазбек Атамбаев партияга лидер катары келгенден тартып “Атамбаевсиз КСДП” деген кыймыл түзүлүп, 3-апрелде өз алдынча курултай өткөрө турганын жарыялаган. Алар партиядан Атамбаевди чыгаруу жана саясий кенештин курамын тазалоону көздөп жатышат. Ал эми Алмазбек Атамбаев башында турган партиянын активисттери бул кыймылдын артында азыркы бийлик турарын кабарлаган. (RsK)