Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:23

Норвегияда кырсыкка кабылган кемедеги жүргүнчүлөрдү куткаруу аракети уланууда


Деңизде кырсыкка кабылып, жардам сигналын жөнөткөн "Viking Sky" кемесинен жүргүнчүлөрдү тик учак менен куткаруу иштери уланууда. Жээктен бир нече чакырым алыстыктагы кооптуу делген аймакта кеменин мотору иштебей калган. Кеменин ичинде миңден ашык жүргүнчү болгон. Интернетке жүргүнчүлөрдүн бири тарткан видео чыкты. Тасмада кеме катуу чайпалып, оор эмеректер ары-бери урунуп, шып кулап жатканын көрүүгө болот.

Куткаруу иштерине тик учактар тартылды. Куткарылган 300 кишинин ичинен 16 адам ооруканага жаткырылды.

Акыркы маалыматтар боюнча кеменин иштен чыккан төрт моторунун үчөө кайрадан иштеп, жакынкы порттордун бирине баратат. (TSh)

XS
SM
MD
LG