Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:59

Турсунбек Акун: Акаев өз күнөөсүн мойнуна албай келатат


Кыргызстандын мурдагы акыйкатчысы, Март ыңкылабына катышкан укук коргоочу Турсунбек Акун туңгуч президент Аскар Акаевдин айткандарына жооп кайтарды. Укук коргоочу 2005-жылы 24-мартта аянтка үй-бүлөлүк башкарууга каршы чыккан карапайым эл чогулганын айтты.

- Ал киши өмүр бою күнөөсүн мойнуна албай келатат. Бир дагы криминал чыкканын көргөн эмесмин. Ошол 15 миң адам Акаевдин үй-бүлөлүк башкаруусуна каршы чыккан карапайым эл болгон. Эл менен эсептешпей аялын, баласын, кызын саясатка аралаштырып, коррупцияга жол берген. Ошон үчүн элден качып, өлкөсүнө келе албай жүрөт.

Турсунбек Акун 24-март Кыргызстандын эли үчүн маанилүү күн экенин баса белгилеп, азыркы бийлик мындай тарыхый окуядан чоң сабак алышы керектигин кошумчалады.

Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаев 2005-жылы 24-мартта Ала-Тоо аянтында чогулгандардын көбү кылмышкер болчу деген пикирин ББС радиосунун суроолоруна жооп берип жатып билдирген. Акаевдин айтымында, ошол кездеги оппозиция криминалдарды колдонуп бийликти кулаткан.

Кыргызстандын саясий тарыхында “Жоогазын ыңкылабы” деген ат менен белгилүү март окуясына быйыл 14 жыл толду. 2005-жылы 24-мартта нааразычылыгын билдирип чыккан миңдеген адамдардын күчү менен бийлик алмашып, 15 жыл бою мамлекет башында турган президент Аскар Акаевдин режими кулатылган. Толкундоолор марттын башында Жалал-Абадда башталып, өлкөнүн булуң-бурчуна жайылган.

Акаев мамлекеттен качып, Орусиядан башпаанек алган. Бийликке оппозициялык кыймылдын башчысы Курманбек Бакиев келип, 2010-жылдын 7-апрелиндеги ыңкылаптан кийин өлкөдөн чыгып кеткен. (TSh)

XS
SM
MD
LG