Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:43

Сербияда миңдеген киши президенттин отставкасын талап кылды


Бийликке каршы демонстрация. Сербия, Крагуевац шаары. 23-март, 2019-жыл.
Бийликке каршы демонстрация. Сербия, Крагуевац шаары. 23-март, 2019-жыл.

Сербиянын башкалаасы Белградда 23-мартта миңдеген киши бийликке каршы демонстрацияга чыгышты. Демонстрациялар Сербиянын ондогон шаар-кыштактарында да өттү.

Белградда миңдеген киши өлкөнүн радио-телеберүү компаниясынын имаратынын алдына чогулуп, маалымат каражаттарынын эркин болушун талап кылышты. Акыркы 30 жыл ичинде киши колдуу болгон журналисттерди да эскеришти.

16-мартта ашынган оңчул оппозиционер Боско Обрадович башында турган ондогон адам Мамлекеттик телекомпаниянын кеңсесине кирип, элге кайрылуу үчүн эфир берүүнү талап кылышкан. Алардын талабы аткарылган эмес. Полиция баарын имараттан чыгарып, кеминде 18 кишини камакка алган. Бул демонстранттардын айрымдары 23-марттагы митингде сөз сүйлөштү. Акциянын катышуучуларынын басымдуу бөлүгү президент Александр Вучичтин отставкасын, сөз эркиндигин жана таза шайлоону талап кылышты.

Митингчилер Вучичти "демократиялык эркиндикти чектеп, саясий каршылаштарына кысым көрсөтүп, медиага көзөмөл орнотту" деп айыптап жатышат. Президент мындай дооматтарды бир нече жолу четке каккан.

XS
SM
MD
LG